Notice: file_put_contents(): Write of 653 bytes failed with errno=28 No space left on device in /www/wwwroot/muzbon.net/system/url_helper.php on line 265
Бек Борбиев - Аселдейим | Скачать MP3 бесплатно
Аселдейим

Аселдейим

Бек Борбиев

Альбом: Делбирим
Длительность: 4:50
Год: 2023
Скачать MP3

Текст песни

Татымың тоонун балы, Аселдейим
Сүйөмүн, балким, алыс сезилбейин
Арзуумду аягандай туюлармын
Ичимден канча сага эзилбейин
Эзилбейин, эзилбейин, Аселдейим

Тоо булагы аккандай
Алма бүчүр ачкандай
Айга Чолпон жаккандай
Мен сени сүйөм
Жаздын таңы аткандай
Булбул гүлүн тапкандай
Айга Чолпон жаккандай
Мен сени сүйөм

Жыпарың тоонун балы, Аселдейим
Түшүнүп, ишен, башка эмне дейин?
Түбөлүк эриш–аркак бололу бир
Жоготуп такыр сени издебейин
Издебейин, издебейин, Аселдейим

Тоо булагы аккандай
Алма бүчүр ачкандай
Айга Чолпон жаккандай
Мен сени сүйөм
Жаздын таңы аткандай
Булбул гүлүн тапкандай
Айга Чолпон жаккандай
Мен сени сүйөм

Тоо булагы аккандай
Алма бүчүр ачкандай
Айга Чолпон жаккандай
Мен сени сүйөм
Жаздын таңы аткандай
Булбул гүлүн тапкандай
Айга Чолпон жаккандай
Мен сени сүйөм
Айга Чолпон жаккандай
Мен сени сүйөм