Жалгыздыктан Тажап Бүттүм

Жалгыздыктан Тажап Бүттүм

Эрлан Андашев

Альбом: Кечир Мени
Длительность: 4:48
Год: 2024
Скачать MP3

Текст песни

Жамалы белең берметтин
Жабыркап жүрөк дегдеттиң
Кароосуз калган кайыктай
Кайыр кош, жаным, сен кеттиң
Сен кеттиң

Карап, карап, кайрадан сени самап
Күттүм, күттүм, күттүм
Жалжалым, жалгыздыктан тажап бүттүм
Бүттүм бүттүм бүттүм

Көпөлөк гүлгө коно албай
Көңүлүм сыздап, толо албай
Серпилип жүрөк кыйналды
Сендейлер сендей боло албай
Боло албай

Карап, карап, кайрадан сени самап
Күттүм, күттүм, күттүм
Жалжалым, жалгыздыктан тажап бүттүм
Бүттүм, бүттүм, бүттүм

Кош дегим келбейт, кош дегим
Козгобо, бөлөк жок кебим
Кайгырсам, жалгыз, аргам жок
Кош дешер жарым жок менин
Жок менин

Карап, карап, кайрадан сени самап
Күттүм, күттүм, күттүм
Жалжалым, жалгыздыктан тажап бүттүм
Бүттүм, бүттүм,бүттүм
Карап, карап, кайрадан сени самап
Күттүм, күттүм, күттүм
Жалжалым, жалгыздыктан тажап бүттүм
Бүттүм, бүттүм,бүттүм