Кучактачы, Таарынчагым

Кучактачы, Таарынчагым

Guljigit Kalykov

Длительность: 3:21
Год: 2024
Скачать MP3

Текст песни

Көзүңдүн жашы даяр
Көлкүлдөп толуп калат
Тамчылап эриниңе
Сөздөргө болор-болбос
Көңүлүң чөгүп калат
Таң калам сезимиңе
Көгөргөн таарынчагым
Көзүңдөн аарчы жашың
Мен сенин жаныңдамын
Кучагым сага ачык
Жүрөктөр жакындашып
Чечели акылдашып

Кучактачы, ээрип кетсин толгон таарынычың
Тарасын сагынычым
Кучактачы, кулагыма кечирдим сени деп
Акырын шыбырачы

Көрсөтүп кыялыңды
Тултуңдап түнөрөсүң
Мен ага көнүп турдум
Сүйлөбөй, гүлүмдү алып
Ичиңден кудундадың
Көзүңдөн көрүп турдум
Ансайын сүйгүм келет
Артыңдан жүргүм келет
Күлкүңдү көрүү үчүн
Жаз болду кабагыңды
Сагындым мурдагыдай
Сүйкүмдүү көрүнүшүң

Кучактачы, ээрип кетсин толгон таарынычың
Тарасын сагынычым
Кучактачы, кулагыма кечирдим сени деп
Акырын шыбырачы