Сагындым Туулган Жер Сени

Сагындым Туулган Жер Сени

Guljigit Kalykov

Длительность: 3:19
Год: 2011
Скачать MP3

Текст песни

Убайым тартып алыстан
Унутуп бардык нерсени
Сары оору болуп ансыз да
Сагындым туулган жер сени
Сары оору болуп ансыз да
Сагындым туулган жер сени

Канатым болсо азыр мен
Калкылдап учуп кетсем дейм
Калдайган сары талааңа
Карлыгач болуп кетсем дейм
Калдайган сары талааңа
Карлыгач болуп кетсем дейм

Уктасам кирип түшүмө
Аргымак чапкан талаалар
Тыйылбай такыр кусалык
Тынчыбай койду санаалар!
Тыйылбай такыр кусалык
Тынчыбай койду санаалар!
Тыйылбай такыр кусалык
Тынчыбай койду санаалар!
Тынчыбай койду санаалар!