Notice: file_put_contents(): Write of 627 bytes failed with errno=28 No space left on device in /www/wwwroot/muzbon.net/system/url_helper.php on line 265
Kalys Jakypov - Сахна | Скачать MP3 бесплатно
Сахна

Сахна

Kalys Jakypov

Альбом: Сахна
Длительность: 3:33
Год: 2024
Скачать MP3

Текст песни

Кызына калып ападан
Иниге калып агадан
Ыр деген ыйык бул өмүр
Калыптыр Ата-бабадан

Ырлардын учу сахнада
Ырлардын күчү сахнада
Ыроолойт аруу жакшылык
Ырыскы түбү сахнада

Жүргөнсүйт ырлар кемеси
Ырысбай, чубак элеси
Жаңырып төрдө тургансыйт
Токтогулдун кербези

Жан дүйнөбүз сахна
Сүйүүбүз да сахна
Бешенеге бүткөн
Үйүбүз да сахна
Арзуубуз да сахна
Ардагыбыз сахна
Ыйык биздин
Ырыс сахна

Курбу, дос тыңшап көңүлдүү
Сахнанын сыйкыр күчү ушул
Ырларын окуп тургансыйт
Акындар Аалы, Алыкул

Биригишип эгиз эки ак-куу
Чолпонбек менен Айсулуу
Айтышып төрдө жаткансыйт
Жеңижок, Барпы айтылуу

Силкисе мыскал үпүсү
Созгонсуйт рдын бүтүшү
Сооротуп кейип тургансыйт
Сүймөнкул, Таттыбүбүсун