Биздин Каттар

Биздин Каттар

Сыймык Бейшекеев

Альбом: Ак Көйнөк
Длительность: 4:47
Год: 2023
Скачать MP3

Текст песни

Сагынып сага жазган каттарымды
Билбедим же жактырбай жатканыңды
Же күздүн бүркүмүнө бүктөп коюп
Саргайган жалбырактай катканыңбы?
Бир кезде мага жазган каттарыңды
Көргөзбөй жан адамга катпадымбы
Сезимден жүрөгүмө уя салып
Үлбүрөп балапандай бакпадымбы
Бакпадымбы, каттарымды катпадыңбы?
Өзүңдү күттүм неге?
Өкүнүп бүттүм дебе
Жарашып алсынчы деп
Жаштык кез күтмөк беле?
Күтмөк беле, күтмөк беле
Күтмөк беле, күтмөк беле
Күн өттүбү, арадан ай өттүбү
Сезбей калдым, сезимди түнөттүмбү?
Жообуң күтүп жол карап сен деп жүрсөм
Жолоочудай жөн гана түз өттүңбү?
Канча ирет карааныңа жагалдандым
Апкаарып айтар сөздү таба албадым
Сагынсам да саргайып, жаным, бирок
Батынып мен жаныңа бара албадым
Бара албадым, таба албадым, жагалдандым
Өзүңдү күттүм неге?
Өкүнүп бүттүм дебе
Жарашып алсынчы деп
Жаштык кез күтмөк беле?
Күтмөк беле, күтмөк беле
Күтмөк беле, күтмөк беле
Бакпадымбы, каттарымды катпадыңбы?
Өзүңдү күттүм неге?
Өкүнүп бүттүм дебе
Жарашып алсынчы деп
Жаштык кез күтмөк беле?
Күтмөк беле, күтмөк беле, күтмөк беле
Өзүңдү күттүм неге?
Өкүнүп бүттүм дебе
Жарашып алсынчы деп
Жаштык кез күтмөк беле?
Күтмөк беле, күтмөк беле
Күтмөк беле, күтмөк беле
Күтмөк беле