Таарынба

Таарынба

Ырыскелди Сатыбалдиев

Альбом: Таарынба
Длительность: 3:23
Год: 2024
Скачать MP3

Текст песни

Жашоонун жаңы барагын
Ачамын сенсиз карагын
Эми мен башка жан болдум
Үзүлдү сендик канатым

Убакыт өтөт даарылайт
Жүрөгүм сени сагынбайт
Алыста калды ак сүйүү
Адашты жолун таба албайт

Таарынба мага таарынба
Жалооруп мени караба
Өчүрдүң жанган сезимди
Күтпөгүн эми садага

Таарынба мага таарынба
Жалооруп мени караба
Өчүрдүң жанган сезимди
Күтпөгүн эми садага

Баладай таза сүйүпмүн
Балбылдап жанып күйүпмүн
А бирок азыр ойлосом
Жон эле күтүп жүрүпмүн

Бакытты тилейм өзүңө
Таарынбайм сага сүйүүгө
Бош калган эми жүрөгүм
Аруу бир жанды күтүүдө

Таарынба мага таарынба
Жалооруп мени караба
Өчүрдүң жанган сезимди
Күтпөгүн эми садага

Таарынба мага таарынба
Жалооруп мени караба
Өчүрдүң жанган сезимди
Күтпөгүн эми садага